Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча маалымат

Кеңеш айыл аймагында иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Жогорку органдардан келип түшкөн каттар, ошондой эле жарандардын арыз, сунуштары жана кайрылуулары белгиленген тартипте аткарууга алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Иш жүгүртүүдө «Infodocs» электрондук документооборот системасы колдонулууда. Өз мөөнөтүндө аткарылбаган документтер боюнча жооптуу кызматкерлерге тез арада чаралар көрүлүп, айрым учурларда сөгүш берилген.