Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор айылында балдар бакчасынын жоктугуна байланыштуу, айыл өкмөтү тарабынан долбоор даярдалып, 50 орундуу жаңы балдар бакчасынын имараты республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Бул үчүн жалпы 32 миллион 984 миң сом каражат жумшалып, объект пайдаланууга берилди.