Ноокат шаары: Өнүгүү жана муниципалдык иштердин жыйынтыктары (2024-жыл)
Ноокат шаары Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 мыйзамынын негизинде райондук денгээлдеги шаар статусун алган. Шаар Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 аймактык башкармалыктан жана 52 көчөдөн турат. Жалпы аянты 358 га. Ноокат шаарынын аймагында 23 мамлекеттик мекеме, 12 муниципалдык объект, 1 оорукана, 2 ФАП, 3 жеке клиника, 22 дарыкана, 1 УЗИ, 3 АСЗ, 55 коомдук тамактануучу жай (кафе жана ашкана), 1 ресторан жана 1 борбордук базар жайгашкан.
Кызматкерлердин жалпы саны 12, анын ичинде директор – 1, башкы адис – 2, жетектөөчү адис – 3, ААБ жетекчиси – 3, жооптуу кызматкерлер – 9, ТТП – 3. Кириш документтер: 30 арыз, 16 токтом, 69 кат келип түшкөн. Чыгыш документтер: 64 кат чыккан.
Ноокат шаарынын башкы планын ишке ашыруу жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Шаар Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Таштак, Бостон, Кара-Турпак жана Барын кварталдарынын жалпы аянты 3,58 кв.км. Облустун борборунан алыстыгы 40 км, темир жол станциясынан алыстыгы 46 км, жакынкы аэропорттон алыстыгы 50 км. Ички чарбачылык жолдордун узундугу 17 070 км, көпүрөлөрдүн саны 4.
2024-жыл ичинде Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан аткарылган жумуштар:
- Н.Исанов атындагы сейил багында жайгашкан “Өчпөс от” мемориалдык аллеясында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаңыланды.
- М.Эргешов көчөсүндө кызыл сызыкка чыккан узундугу 15 метр болгон эки объекттин курулушу буздурулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тоскоолдук жараткан тосмолор алынып, тротуар ачылды. 250 метр тротуарга асфальт төшөлдү, сметалык баасы 750 миң сомду түзүп жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Ноокат шаарынын ички көчөлөрүндөгү бузулуп, чуңкурчаларга айланган жерлерине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, толук бүткөрүлдү. Оңдоп-түзөө иштери Ленин, Абдураимов, Лутфуллаев, Эргешов көчөлөрүндө жасалды.
- Бостон кварталында жайгашкан Ынтымак негизги мектебине спорт аянтчасынын курулушу толук аяктап, окуучулар үчүн пайдаланууга берилди. Сметалык баасы 1 790 000 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында Ноокат шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, комплекстүү иштер алып барылды. Шаар мэриясы жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен иш-планын алкагында муниципалдык менчик департаменти тарабынан шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, заманбап, сапаттуу видео байкоо камералары орнотулуп, башкаруу, көзөмөл пунктары уюшулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” 109-Жарлыгына ылайык, муниципалдык менчик департаменти тарабынан Ноокат шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Шаар аймагындагы жалпы пайдалануудагу жерлерде мыйзамсыз өз билемдик менен курулган тосмо, объектилерден бошотулду. №42, №44 көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарына мыйзамсыз курулган 16 гараж, 4 капиталдык курулуш, 21 женил типтеги конструкциялар, 1 таштанды полигону, 11 септик, 6 ажаткана сүрдүрүлүп, тазаланып алынды.
Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлери ашар жолу аркылуу А.Төлөнов көчөсүндө жарандарга ынгайсыздык жаратып жаткан бөлүгүнө латок жаткызып, жолдун жүрүүчү тилкеси кенейтилди. Т.Кулатов, О.Солтобаев көчөсүндөгү Ош-Ноокат-Разаков эл аралык маанидеги жолдун кызыл сызыкка чыккан бөлүгүн мыйзамсыз курулуштардан тазалоо аракети көрүлүп, жол курууга тоскоолдук жараткан бөлүктөрү толугу менен буздурулду. (Белгилеп кеткенде буздуруу иштери 2022-жылдан башталган болуп, жалпысынан кызыл сызыкка чыккан 82 курулуш болсо, анын 57си турак жай, 6 тосмо, 19 ар кандай коммерциялык багытта иштеп жаткан курулуштар.)
Ноокат шаарынын аймагында жол коопсуздук талаптарын камсыз кылуу максатында Ноокат ЖКККББнын сунуштамасынын негизинде жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чиймелери чийилип, атайын жол белгилери орнотулду. Ош-Ноокат-Разаков унаа жолунун Ноокат шаарын аралап өткөн бөлүгү төрт тилкелүү болуп капиталдык ондоодон өтүп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу жол коопсуздугунун алдын алуу, такси жана кичи автобус каттамдарын иретке келтирүү максатында Ноокат шаарынын аймагындагы баардык кичи автобус каттамдарын Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан автовокзалдын ичине, ал эми Кызыл-кия, Ош-Ноокат, Өсөр-Атамерек-Учбай, Ноокат-Ош-Бишкек такси каттамдарын (мурдагы Бишкек стоняка), атобекеттин түштүк чыгыш тарабына жылдырылды.
Ноокат шаарынын мэри Бекболот Эгенали уулу, ММДнын кызматкерлери жана Ноокат райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте шаардын борбордук айлампасындагы иретсиз турган такси кызматынын, каттамдары боюнча мониторинг жүргүзүлүп, тиешелүү кызматтар менен биргеликте жол белгилери орнотулду.
Ноокат шаарынын мэри Б.Эгенали уулунун тапшырмасына ылайык, шаардын аймагындагы калктуу конуштарда муниципалдык менчик департаменти тарабынан жарыктандыруу иштерине карата профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Шаардагы эскилиги жетип, авариялык абалга келген 100гө жакын жыгач мамылар (столба) жаңы темирбетон мамыларга алмаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” № 56 Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу коммерциалык багыттагы курулуштун кызыл сызыкка чыккан бөлүгү менчик ээси тарабынан буздурулду.
Ханкелдиев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор алынып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар ачылып, лотоктор орнотулду. Аталган көчөдөгү жумуштар 2025-жыл ичи аягына чыгарылат. “Маруфхан төрө” мечитинин алдына элдер эс алуу үчүн, сайдын жээги бекемделип, чакан сквер уюштурулду.
Элдик салым, теңме-тең каржылоо принциби боюнча А.Навои көчөсү асфальттанды. Натыйжада Навоий көчөсүнүн 320м аралыгы асфальттанып, жолдун эки жээктерине лотоктор жаткырылды. Шаар аймагынын ирригация жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2024-жыл ичинде Кара-Турпак кварталынын Г.Гулам көчөсүнүн 350 м, Таштак кварталынын С.Алимбаев көчөсүнүн 300м, Навоий көчөсүнүн 600 м, Абдумаликов көчөсүнүн 350м, Ханкелдиев көчөсүнүн 450м аралыктарына лотоктор орнотулду.
Техникалык базаны чыңдоо максатында Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан жаңы атайын техника (мини эксковатор r60) сатып алынды. Тайлаков көчөсүндөгү арыктардын түтүктөрү жаңыланып алмаштырылды.
Н.Исанов эс алуу багын реконструкциялап, Жаштар борборун куруу үчүн 11 000 000 (он бир миллион) сомго долбоордук сметалык документтери даярдалып, 1 миллиону өздүк салым, калган 10 000 000 сом акча каражаты ПРООНдун эсебинен долбоор жактырылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталды. Ноокат шаарынын Барын кварталына жалпы узундугу 2300 метрди түзгөн таза суу түтүктөрү орнотулду. Натыйжада 100дөн ашуун кожолук таза суу менен камсыздалды.
Ноокат шаарынын мэри Б.Эгенали уулунун бекиткен графигине ылайык, шаардын аймагында мыйзамсыз, өз билемдик менен көчө соодасын жүргүзгөн тараптарга, шаар аймагындагы белгиленбеген жерлерге таштанды таштаган жарандарга карата күн сайын рейддер уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана мындан ары да улантылат.